"Бүгүнкү күндө сатып алуучу уюмдардын жана мекемелердин 70 пайыздан ашууну электрондук мамлекеттик сатып алууларга өтүштү. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти машыктыруучуларды аймактарга чыгаруу менен окутуу семинарларын өткөрүштү. 20-августка карата 2574 сатып алуучу уюм жана 1709 жеткирип берүүчү окуудан өттү",- деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик сатып алуулар жаатында Кыргыз Республикасынын бардык ченемдик-укуктук актылары иштелип чыгып, министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу баскычында турганы, алар жүргүзүлгөн экспертизанын негизинде Юстиция министрлигинин корутундусу алынгандан кийин өкмөттүн “Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өмөттүн айрым ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленген тартипте бекитилери айтылды.