"Айрым партиялар административдик ресурсун колдонушууда" дейт Динара Ошурахунова

"Айрым саясий партиялар бюджеттик кызматкерлерди жумушунан алаксытып, үгүт иш-чараларына мажбурлап катыштырууда". Мындай пикирди бүгүн, 21-сентябрда журналисттер менен жолугушууда "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" кыймылынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Анын айтымында, укук коргоочуларга шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча арыздар келип түшүүдө.

Бийликтин кайсы бир бутагында өздөрүнүн адамдары бар партиялар административдик ресурстан пайдаланып, дарыгер, мугалим жана башка бюджеттик жана муниципалдык кызматта иштеген жарандарды ишинен алагды кылып, өздөрүнүн үгүт чогулуштарына кыйнап алып келишүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертүү бериши керек”,- дейт Ошурахунова.

Жарандык активисттин айтымында, кээ бир жогорку окуу жайлардын окутуучулары каттоосу жок студенттерди кошумча шайлоо участкаларына алып барып тизмеге киргизип, аларды кайсы бир саясий партияга добуш берүүгө үндөп жатышат.

Конституцияда добуш берүү эркиндиги бекитилген. Ага ылайык, административдик органдар же саясий партиялар шайлоочуга кысым көрсөтүүсүнө жол берилбейт”,- деди укук коргоочу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан