SUPER.KG порталынын "СОҢКУ КАБАР" бөлүмү кандай кабарчыларды издейт?
Кыргыз жана орус тилинде эркин сүйлөгөн, эгерде кошумча чет тилдерди билсе, аларга артыкчылык берилет. Калеми курч, сөзү мурч, чагылгандай ыкчам, саясат жана коомдогу жаңылыктардан артта калбаган, кызыктуу темаларды табууга жөндөмдүү, сабаттуу, жогорку билимдүү (сөзсүз журналистика факультетин бүтүрүү шарт эмес), жарандык позицияга ээ жана креативдүү идеяларга бай, интернеттин тилин жакшы билген жаштарды жамаатыбызга чакырабыз.
Өзүңүзгө ишенсеңиз, жоопкерчиликтүү болсоңуз, бизге иштейм деген каалооңуз күч болсо, резюмеңизди admin@super.kg дарегине жөнөтүңүз. Ошондой эле иш убактысында (09:00дөн 18:00гө чейин) (0312) 47-39-39, (0557) 47-39-39 номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.