Нарын медициналык колледжи 70 жылдык мааракесин белгиледи

25-сентябрда Нарын медициналык колледжи 70 жылдык мааракесин белгиледи. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара эртең менен колледждин имаратынын маңдайына медициналык символдорду түшүндүргөн стеланын жана саламаттыкты сактоо тармагын, Нарын медициналык колледжинин тарыхын, облустун медицина тармагынын өнүгүшүн чагылдырган музейдин кызыл тасмасын кесүү аземи менен башталды. Бул саамалыкка облус, шаар жетекчилери катышып, орто окуу жайдын ишине, жалпы эмгек жамаатына жана студенттерге мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

Түштөн кийин мааракенин салтанаттуу бөлүгү Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында уланды. Анда медициналык колледж туурасында кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, окуу жайдын жетекчилиги бул жылдар аралыгындагы колледждин ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери, ийгиликтери туурасында маалымат берди.

Мындан сырткары Нарын медициналык колледжинин 70 жылдык мааракесинин урматына карата айрым алдынкы окутуучулар Нарын шаардык мэриясынын жана кеңешинин Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Салтанаттуу иш-чара чоң программадагы концерт менен коштолду.

Маалымат үчүн айтсак, Нарын медициналык колледжинин уюштурулушу Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш менен бүткөн жылына туш келгендиги менен маанилүү. Окуу жай 1945-жылы ачылып, орто билимдүү медициналык адистерди татыктуу даярдоодо, өлкөбүздүн жогорку жана орто окуу жайларынын арасында өзгөчө орун ээлейт. Учурда аталган орто окуу жайда 60 адамдан турган эмгек жамааты эмгектенип, анын ичинен 40 окутуучу 600дөн ашык студенттерге 5 багытта (дарылоо иши, эмчи айымдык иш, акушерлик иш, стоматология, фармация) медициналык билим берип келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан