Хажимурат Коркмазовдун бутуна операция жасалгандыктан, Данияр Нарымбаев экөөнүн соту кийинкиге жылдырылды

Коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум 2-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. 
Бүгүн, 28-сентябрда соттук отурумда Коркмазовдун жактоочусу анын бутуна операция жасалгандыктан отурумга келе албаганын билдирип, судьядан кийинкиге жылдырууну суранды. Буга байланыштуу ишти карап жаткан судья Абдразак Боромбаев отурумду 2-октябрга жылдырды. 
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдиргенАндан кийин 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” айыбы тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан