2015-жылдын
29-30-сентябрында Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо
этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында кээ бир райондордо үшүк жүрүшү күтүлөт. Абанын температурасы -1 -3°С`ге чейин төмөндөйт. Мындай үшүк жыйнала элек мөмө жана жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.