Кыргыз аял судьяларынан түзүлгөн ассоциация эл аралык жана донордук уюмдардын жардамы менен Ысык-Көлдө «Кыргыз Республикасында балдардын сот адилеттигине жетишүүсү» деген аталышта 3 күндүк конференция өткөрдү. Бул тууралуу 29-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Конференциянын жүрүшүндө балдардын сот адилеттигине жетишүүсү боюнча эл аралык стандарттар, жазык сот адилеттиги шарттарындагы мыйзам менен карама-каршылыкта балдардын укуктарын коргоо, жазык сот адилеттиги шарттарындагы курмандыктардын жана кылмыштардын күбөлөрү болгон балдардын укуктарын коргоо, жарандык сот өндүрүшүндө балдардын укуктарын коргоо, балдардын укуктарын коргоо маселелеринин сотсуз механизмдери талкууланды.
Иш-чаранын соңунда Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясынын Байкоочу кеңешинин төрайымы Феруза Жамашева конференцияны жыйынтыктап, катышуучулар менен биргеликте мындан аркы кадамдарды талкуулашты.