Тышкы иштер министрлиги парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды аккредиттөө иштери уланып жатканын билдирди. 29-сентябрга карата: Шанхай Кызматташтык Уюмунан, КМШ байкоочулар миссиясынан, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынан, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар миссиясынан, Ислам кызматташтык уюмунун Башкы катчылыгынан, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинен, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынан, ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунан, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынан, Азербайжан, Тажикстан, Франция, Корея, Монголия, Латвия, Литва, Эстония, Орусия, Түркмөнстан, Казакстан, Бутан, Индия, Өзбекстандын БШКларынан оң жооптор келди.
Мындан тышкары Бишкектеги бир катар мамлекеттердин консулдук, элчиликтеринин өкүлдөрү байкоочу катары шайлоо процессине көз салары айтылды. Шайлоого көз салууга ниеттенген байкоочулардын саны 500дөн ашканы айтылат маалыматта.