Бишкекте изделип жаткан 4-класстын окуучусу
Ырыскелди Чаткалбеков табылды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына баланын туугандары билдиришти.
"Кечээ Ырыскелди мектептен чыгып, маршруттук таксиде уктап калыптыр. Ойгонгондо өзү билбеген жерге барып калган. Андан соң маршрутканын айдоочусуна адашып калганын айтып, "Бишкек-Парк" соода борборуна жеткирүүнү суранган экен. Анткени биз мурда аны бул жайда ойнотуп жүрчүбүз. Соода борборунун ичине кирип кыдырып жүрүптүр, бирок эч кимден жардам сурабаптыр. Анын уюлдук телефону жок болчу, бирок менин номеримди жакшы билчү.
Сыртка чыкканда аны жаш балдар жана алардын арасындагы Равшана аттуу кыз байкап, "Кечинде эмне жалгыз жүрөсүң?" деп сурашкан экен, Ырыскелди баарын түшүндүрүп бериптир. Ошол кыз "Акчаң барбы?" деп сураса, акчасы жок экенин айткан. Ошондо алар 20 сом беришиптир.
Андан соң суукта үшүгөндүктөн, бала таксисттен унаанын салонуна отуруп турууну сураныптыр. Салондо отуруп уктап калган экен, ойгонсо таксисттин үйүндө жатыптыр. Ошол таксист эртең менен аны кайра "Бишкек-Паркка" алып келген. Биз таң атпай бул соода борборунун айланасында издөөлөрдү жүргүзгөн элек. Анан кокустан Ырыскелдини бир унаа алып келгенин көрүп калдым. Ага эч ким тийишпегенин айтты. Денесинде эч кандай жаракаттар жок",- деди баланын жакын тууганы.