Ош шаарындагы Жапалак айылына биринчи жолу газ түтүктөрү тартылып, айылдын төрт көчөсү газ менен камсыз болду. Бүгүн, 29-сентябрда иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардагы бардык коммуналдык кызматтардын жетекчилери жана айыл эли катышканын Ош мэриясынан билдиришти.
Газ түтүктөрү айылдын 125 үйдү камтыган төрт көчөсүнө тартылып, жалпы узундугу 4 чакырымга жетти. Жалпы иш 10 миллион 700 миң сомго аткарылса, анын 2 миллион 500 миң сому жергиликтүү бюджеттен, калганы АРИС программасы тарабынан каржыланган.
Шаар башчысы октябрь айында аталган айыл толук бойдон газ менен камсыздала турганын айтты.