4-октябрда орун алчу парламенттик шайлоого байланыштуу 5-октябрь - Ош шаарынын күнүн салтанаттуу белгилөө 29-октябрга жылдырылды. Мындай жарлыкка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгонун бүгүн, 29-сентябрда мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чаралар 29-октябрь күнү белгиленет. Шаар күнүн өткөрүү боюнча бүгүнкү күндө мэрия тарабынан бардык даярдыктар жүрүп жатат. Жылдагыдан быйыл да бул саамалыкты өзгөчө өткөрүү максатында атайын адистердин кеңеши менен Шаар күнүн белгилөөнүн сценарийлери иштелүүдө. Мындан сырткары бул майрамга карата жаңы курулган бир катар социалдык объектилердин ачылышы болот.