Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин кайра шайлоо 14-октябрга дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. Аталган шаардын башчысын шайлоо 25-сентябрда өткөрүлмөк, бирок жыйынга жергиликтүү депутаттардын көбү келбегендиктен, шайлоо болбой калган. Мындан улам мурда катталган талапкерлер менен тизме толукталып, кайра шайлоо процесси 2015-жылдын 14-октябрына дайындалды.
Мындан тышкары БШКнын бүгүнкү жыйынында Ош облусунун Чоң-Алай, Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом каралды. Ага ылайык, жогоруда аталган аймактык шайлоо комиссияларынан 7 адам чыгарылып, алардын ордуна резервдеги 7 адам кирди.