Президент Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 29-сентябрда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Көк-Арт ашуусундагы тоннелинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолундагы тоннелдин курулушунун башталышы менен таанышып чыкты. Таанышуу учурунда транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев мамлекет башчысына узундугу 3750 метр келген, туурасы 10 метрлик тоннелдин курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо менен Сузак райондору аркылуу өтүүчү, деңиз деңгээлинен 2511 метр бийиктикте жайгашкан тоннель Фергана тоо кыркасынын түндүк жана түштүк тараптарын бириктирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан