Кечээ, 29-сентябрда Ноокат районунун Гүлстан айыл өкмөтүндө жергиликтүү калктын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен Атаназар кары атындагы медресенин кыз-келиндер бөлүмү ишке кирди. Ош облустук казыяттан кабарлашкандай, ачылыш аземине муфтий Максатбек ажы Токтомушев, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын төрагасы Саид Баюми, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жана башкалар катышты.
Атаназар кары атындагы медреседе буга чейин балдар гана окуп келишсе, эми кыз-келиндер да жаңы ачылган 3 кабаттуу, 200 орундуу имаратта билим алышмакчы.