Биринчи Май райондук сотунда Камчыбек Ташиевдин маселеси каралууда

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин БШК тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылышы мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин караган соттук отурум башталды. 
Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын кызыкчылыктарын комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров, "Республика-Ата Журт" партиясы тарабынан укук коргоочу Атыр Абдрахматова, Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыктарын адвокат Жыргалбек Бабаев коргоп жатат. Соттук отурум судья Алмаз Калыбаедин төрагалыгы астында өтүүдө.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан