Аскерде жүрүп каза болгон 3 жоокердин ата-энелери бүгүн, 30-сентябрда Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Нааразычылыкка чыккандар балдарынын өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн жазага тартылуусун талап кылып жатышат. Ошондой эле президенттен каза болгон балдарынын иши боюнча тергөө иштерине көңүл буруусун өтүнүшүүдө. Учурда 15ке чукул ата-эне колдоруна “Биз мамлекетке ишенгенбиз”, “Акыйкаттык керек”, “Адилеттик орнотулсун”, деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат. Алар балдарынын өлүмү боюнча тергөө иштери калыс жүрбөй жатканын айтышууда.