Аскерде көз жумган жоокерлердин өлүмү боюнча акыйкаттык издеген энелердин үнү (фоторепортаж)

Аскерде жүрүп каза болгон 3 жоокердин ата-энелери бүгүн, 30-сентябрда Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Нааразычылыкка чыккандар балдарынын өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн жазага тартылуусун талап кылышууда. 15ке чукул ата-эне колдоруна “Биз мамлекетке ишенгенбиз”, “Акыйкаттык керек”, “Адилеттик орнотулсун” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Каза болгон жоокерлердин бири Нурсултан Карагулов 18 жаш курагында ушул жылдын 5-июнунда Бишкектеги Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин №7412-Ички аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөп жатканда күзөт секисине өз куруна муунуп өлгөн. Аскер бөлүгү Карагулов өз өмүрүнө өзү кол салганын билдирип келет, бирок баланын апасы Назира Касымалиева бул бүтүмгө ишенбей турганын айтты.

“Балам 7-апрелде аскерге кетип, 6-майда Бишкекте ант берди. Ант берүү аземине катышып, балабыздын көңүлдүү жүргөнүн көргөнбүз. Атасы экөөбүзгө “мага ишенип койгула, аскердик билет алып, ушул жерге кызматка калам, баары жакшы” деп кеткен. 5-июнда “балаңар асынып алды” деп сөөгүн алып келишти. Өз өмүрүнө өзү кол салуусу мүмкүн эмес, биз буга ишенбейбиз. Аскер бөлүгү анын себебин айтпай жатат, “баары эле жакшы болчу” деп. Жакшы болгон болсо, бала өлмөк беле? Балам кызмат кылган жерди да көрүп чыктык, абалы начар экен.

Уулум каза болгондон кийин денесинин бир нече жеринде көк ала тактар бар экенин көргөнбүз, демек, балам сабалган. Ошон үчүн ишенбей, акыйкаттыкты талап кылып чыктым. Биз мамлекетке ишенип, уулубузду элге кызмат кылсын деп аскерге жибергенбиз, анын сөөгүн күткөн эмес болчубуз”,- деди Касымалиева.

Ал эми дагы бир каза болгон жоокер - 1996-жылы туулган Бекжан Талантбек уулу. Ал ант бергенден эки жума өткөндө, Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жатып Ислам Анаркул уулу аттуу аскердин огунан көз жумган. “Балам 2014-жылдын 21-ноябрында кызматта жүрүп каза болду. Аскер бөлүгү башка аскер мылтыкты кармап отуруп, кокустан атып алганын билдирүүдө. Аскер жетекчилери ушундай нерселерге жол беришсе, анда эмнеге балдарыбызды кызматка чакырышат? Кандай алып кетсе, ошондой алып келиши керек да! Ал эми баламды атып жиберген адам Аскер прокуратурасынын чечими менен 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө камакка алынган. Биз буга макул болбой, 12 жылга чейинки мөөнөткө камалуусун жана иштин Жалал-Абад облусунда эмес, Бишкек шаарында же Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүүсүн талап кылып жатабыз. Биз Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында турабыз, ошондуктан Жалал-Абадга бара албайм”,- деди каза болгон аскердин энеси Кененбаева.

Каза болгон аскерлердин дагы бири Бактияр Көчөрбаев Бишкектеги №97632-Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеп жатканда, өзү менен бирге иштеген лейтенант Акул Турматов жана офицер Жеңишбек Нурбек уулу тарабынан атылып өлгөн.

Энеси Бурул Чалбаеванын билдиришинче, аты аталган эки кызматкер мас абалда болушкан.

“Балам 2009-2010-жылдары Улуттук гвардияда аскерде болуп, 2013-жылы келишимдик негизде 3 жылдык мөөнөткө Абадан коргонуу аскер бөлүгүнө кызматка алынып, бир жылдан ашык убакыт иштеди. 22-ноябрда саат 23:55те күзөттө турганда сырттан өзү менен бирге иштеген лейтенант Акул Турматов жана офицер Жеңишбек Нурбек уулу мас абалда келип, уулумду атып жиберишкен. Атылган эки ок анын ээгинен кирип, өпкөсүнө барып сайылган. Бул боюнча ишти Аскер прокуратурасы сотко өткөргөн. Жеңишбек Нурбек уулу камакка алынып, Акул Турматов боштондукта жүрөт. Эми ал үйдө отуруп алып мени коркутуп жатат. Ага тийиштүү жаза берилүүсүн талап кылып бир нече жерге кайрылдым, бирок эч кандай жооп болбой жатат. Атасы “колуңдан эмне келет, билгениңди кыл, биздин ишенген адамыбыз бар” деп жатат”,- деди Чалбаева.

Митингге чыгышканы менен, алардын үнүн угууга эч ким келген жок. Мындан улам нааразычылыгын дагы уланта турганын айтышып, тарап кетишти. 

Эне: "Аскерде баламды атып өлтүрүштү"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Askar.96kg
2015-09-30 15:39:41
Туура кылышат
+3
deva
2015-09-30 15:51:13
Баланын күйүтүн тартуу эне үчүн кандай гана азап?! Күнөөлүүүлөр жооп беришсин! Эне баланы ары-бери кылып ундан жууруп албайт да, туурабы?
+10
kobra86
2015-09-30 16:33:01
Окунучтуу,аянычтуу
+1
Izdeim_seni.
2015-09-30 17:21:49
Мына элибиздин жузу,депуттар акчасын кайда чачарын билбей журушот,а карапайым калк акыйкаттык табалбай ыйлап олтурушат.
+2
suhrab.kg
2015-09-30 20:36:14
Мыйзам жок туура эмес чечим чыгарат Кыргызстанда кичине ойлонуп койсо болмок чондорубуз
+1
nukesh
2015-10-01 02:59:45
Чиноквниктер ушундай проблемаларды чечишпейт анан кокурок кагып агитация кылып журушот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан