Карылар күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын бийлигинин атынан вице-мэр Турдалы Темирбаев сыртка чыга албай, төшөктө жаткан карыялардан кабар алып, мэриянын атынан белек-бечкектерин тапшырып келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эртең жаш курагы 70тен өткөн 100 карыяга ысык тамак берилет. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл Жалал-Абад шаардык социалдык фонду 100 карыяга тамак уюштуруп жатат.