Депутаттардын артыкчылыгын жоюу декларациясына 14 партиянын ичинен 5 партия кол коюудан баш тартты (тизме)

Бүгүн, 30-сентябрда маалымат жыйында "Жогорку Кеңештин депутаттарынын жеңилдиктерин жана артыкчылыктарын жоюу" кыймылынын өкүлдөрү депутаттардын артыкчылыгын жоюу декларациясына кол койгон жана баш тарткан саясий партиялардын тизмесин жарыялады. Декларацияга кол коюу шайлоого аттанган 14 партияга сунушталган. 

Маалыматка таянсак, “Ата Мекен”, “Замандаш”, “Бир бол”, “Кыргызстан”, “Республика-Ата Журт”, “Аалам”, “Кыргызстан элдеринин конгресси”, “Улуу Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиялары декларацияда жазылган пункттарга макулдугун билдиришип, документке кол коюшкан. Ал эми КСДП, “Азаттык”, “Ар-намыс”, "Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекен ынтымагы” партиялары түрдүү себептер менен документке кол коюшкан эмес.  

Белгилей кетсек, аталган декларацияга ылайык, жаңы түзүлгөн парламент жумушка киришкенден кийинки 30 күндүн ичинде депутаттарга каралган жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жоюу чараларын кабыл алуусу зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан