Жалал-Абад. Шаар ичиндеги 3 көчө оңдолуп, колдонууга берилди

Кечээ, 29-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы үч чоң көчөнүн ачылышы болуп, көчөлөр оңдоп-түзөө иштеринен кийин колдонууга берилди. Мэриядан кабарлашкандай, Спутник шаарчасындагы Жеңижок жана Тарсус көчөлөрүнө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат сарпталып, асфальт төшөлдү. Жеңижок көчөсүндө 1200 метр узундукта, жалпы 18 125 чарчы метр жолго, ал эми Тарсус көчөсүндө 1100 метр узундукта, жалпы 19 635 чарчы метр жолго толук асфальт төшөлгөн.

Мындан тышкары Көк-Арт кичи районундагы Роза Азимов көчөсү жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкцияланып, жалпы узундугу 440 метр, туурасы 9,30 сантиметр жолго асфальт төшөлгөн.

Шаар башчылары дагы башка көчөлөргө да асфальт төшөлөрүн айтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars55
2015-09-30 14:47:50
жакшы шаар ичиндеги кочо ондолсо а Ошто болсо озбектердин кочолору ондолуп жататго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан