Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы
Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын
чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Бул жарандык иш боюнча соттук отурум судья Алмаз Калыбаевдин төрагалыгынын астында өттү. Отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын кызыкчылыктарын комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров коргоп жатты. Ал эми "Республика-Ата Журт" партиясынын кызыкчылыктарын үч юрист, Камчыбек Ташиевдикин адвокат Жыргалбек Бабаев коргоп жатты.
Партиянын өкүлдөрү БШК теңдик принцибин бузуу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен Ташиев боюнча чечим чыгарышканын айтышты. Ал эми комиссиянын атынан чыккан Бекбасаров К.Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечим мыйзам чегинде кабыл алынганын билдирди.
Айта кетсек, К.Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган.