Вице-премьер-министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондун билим берүү тармагында жүргүзүлгөн алгылыктуу иштерди белгилеп өттү. Кемин району бала бакча менен 36 пайызга, мектептер 100 пайыз ысык тамак менен камсыз болгонун айтты.
"Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун аздыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү системи, Ички иштер министрлигинин бирдиктүү иш алып барганынан кабар берет",- деди Ниязалиева.