Эртең Бишкекте улгайган адамдар өз колдорунан жаралган эмгектерин жарманкеге коюшат

Эртең, 1-октябрда Бишкектеги Эркиндик бульварында Эл аралык карылар күнүнө карата социалдык жарманке уюштурулат. Анда улгайган адамдардын тобунда кол өнөрчүлүк менен алектенген карылардын эмгектери коюлат. Иш-чарага өкмөт башчы Темир Сариевдин катышуусу күтүлүп жатканын жарманкенин уюштуруучулары билдиришти.

"Жүрөктөн жүрөккө" аталышындагы акциянын алкагында уюштурулуп жаткан жарманкеге Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын тургундары жасаган моюн орогуч, баштык, кийизден жасалган улуттук буюмдар, көрпөчөлөр, оюнчуктар, колго жасалган таттуулар коюлат. Жарманкенин жүрүшүндө чакан концерт, шахмат боюнча мелдеш жана лотерея оюндары өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан