Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте Октябрь районунун администрациясы уюштурган Эл аралык карылар күнүнө арналган салтанатка 50 жыл бирге түтүн булаткан 35 жубай катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага аталган райондун 200гө жакын улгайган тургундары чакырылган. Район башчысы Болот Алымкулов майрам ээлерине чың ден соолук, узун өмүр каалап, алардын арасында эң көп жашап, 104 жашка чыккан Соколова Анна Григорьевнаны өзгөчө белгилеп өттү.
Салтанаттуу кечени Октябрь районунун чыгармачыл балдар коллективдери шоу-программасы менен көркүнө чыгарышты. Майрамдын урматына бардык конокторго гүл жана азык-түлүк толтурулган баштыктар таратылды. Ал эми 50 жыл бирге өмүр сүргөн жубайларга мындан тышкары акчалай белектер берилди.