Бишкекте жана Жалал-Абадда эхинококкозду аныктоочу жабдуу менен камсыздалган лабораториялар ишке киргизилет

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти эхинококкоз оорусун аныктоочу эки иммундуу-ферменттүү анализ жабдуусуна ээ болду. Бул тууралуу 30-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору 2012-2016-жылдарга белгиленген "Эхинококкозго каршы күрөшүү боюнча стратегиялык планды" ишке ашыруунун алкагында аталган жабдууну алуу үчүн 60 миңге жакын АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам көрсөттү.

Жабдуулардын бири департаменттин Бишкектеги лабораториясында, экинчиси Жалал-Абад шаарында жайгашкан аймактык түзүмүнө коюлуп, быйыл ишке киргизилет. Жабдуу спектрофотометр, микропланшеттик жууп-тазалагыч, термошейкер, термостаттан турат. Эхинококктун 3200 тест-системи, лабораторияда керектелүүчү материалдар (дозаторлор, криопробиркалар) жана жеке коргоо каражаттары (кол каптар, халаттар, баш кийимдер) дагы бар. “Жабдуу бейтаптын канындагы антителалардын болуусун оору жаңы өрчүп келе жаткан мезгилде сапаттуу текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ал УЗИ аныктай албаган нерсени “көрө алат”. УЗИнин жардамы менен аныкталган оору көп учурда өтүшүп кеткен болот. Белгилүү болгондой, эхинококкоз көп жылдар бою байкалбайт”,- дейт департаментке караштуу паразитологиялык лабораториянын башчысы Гүлнара Абдылдаева.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан