Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат

Бүгүн, 1-октябрда саат 09:00дөн 15:00гө чейин баш калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Манас кең көчөсү, Фрунзе көчөсү, Логвиненко көчөсү жана темир жол сызыгы, анын ичинде Кожомкул атындагы Спорт Ордосу, Бишкек шаардык техникалык колледжи, №3-дирекция, "КазКоммерцБанк", "Тез жардам" станциясы, №1-стоматологиялык поликлиникасы, Борбордук сүйлөшүү пункту, Мамлекеттик салык инспекциясы, "Бета Иншаат-Ятырымжалык" ишканасы, Улуттук кардиология борбору, Улуттук госпиталь, «Промпроект» ишканасы, ардагерлер поликлиникасы, №70-мектеп-гимназиясы, Орусиянын КРдагы элчилиги, №47, 184, 155-бала бакчаларда суу берүү токтотулат.

"Бишкек суу-канал" башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана шаар тургундарынан, мекеме жана уюмдардан таза суу камдап алууну суранат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан