Бишкек шаарынын Щербаков жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде сейил бактын аймагына тиешелүү жерге уруксат документтерисиз, бышкан кыштан курулуп жаткан үйдүн курулушу аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 30-сентябрда билдирди.
Жеке турак жай-курулуш департаменти менен Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери биргеликте текшерүү учурунда 8х4 метр өлчөмүндөгү турак үйдүн курулушу сүрдүрүлүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.