Ош шаарында жана Ош облусунда шайлоо күнү коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милицияга 2000 ыктыярдуу элдик кошуун жардам берет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 30-сентябрда Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы
Сүйүн Өмүрзаков ыктыярдуу кошуундар менен жолугушуп, аларга алдын ала ыраазычылыгын айтты.
"Эгерде биз бирге болсок, эч качан укук бузууларга же тополоңдун болушуна жол бербейбиз. Сиздер тартипти сактоого жардам бериңиздер",- деди ал.
Алар шайлоо күнү милиция менен биргеликте коомдук жайларда жана көчөлөрдө коопсуздукту сактоого көмөктөшүшмөкчү.