Сауд Арабиясына ажылыкка кеткен зыяратчылар кайтып келишүүдө. Чүй өрөөнүнөн жана Бишкек шаарынан Сауд Арабиясына ажылыктын шарттарын аткаруу үчүн жөнөп кетишкен зыяратчылар 30-сентябрда Жидда-Бишкек багыты боюнча мекенибизге кайтып келишкенин муфтияттан билдиришти.
"Учурда зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Ар бир топ өздөрүнүн каттамдарын күтүшүүдө",- деп жеринде билдирген штаб мүчөсү Умар Карыпов.Ош шаарынан кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу 29-сентябрда саат 3:20да учуп келди. "Ош шаарынан 25-августта алгачкылардан болуп учуп кеткен 200 зыяратчы сак-саламат, тынч, толук ажылык ибадаттарын аткарып, өз мекенине келди",- дешти шаардык казыяттын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, ажылыкта жүргөндөр 15-октябрга чейин кайтып келишет. Ушул аралыкта күн сайын бирден топ учуп келип турат.
Сауд Арабиясына быйыл ажылык милдетин аткарууга Кыргыз Республикасынан 4 миңден ашуун жаран барган.