Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу көргөзмө-жарманке өтүүдө (фоторепортаж)
Бүгүн, 1-октябрда Бишкектеги Киев менен Чүй көчөлөрүнүн ортосундагы Эркиндик бульварынын кесилишинде Эл аралык карылар күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу көргөзмө-жарманке өтүп жатат. Иш-чарага Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкектин улгайган тургундары катышууда. Жарманкеде кийизден, кебезден жасалган, жиптен токулган кийим-кече, үй тиричилик буюмдары, мөмө-жемиш жана башкалар сатылууда. Көргөзмөнүн максаты улгайган адамдарга пенсиядан тышкары киреше табууга жардам берүү жана коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.