29-сентябрда Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева облус борборунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык багыттагы кызматкерлер менен жолугушту. Анда мектеп маселелери жана балдарды тарбиялоо боюнча ата-энелер менен мугалимдердин жоопкерчилиги талкууланды. Андан сырткары жыйында ооруканалардагы, мектептердеги кызматтарды жакшыртуу боюнча да маселеге токтолушту.
Ниязалиева өкмөттүн аткарган ишинин жыйынтыгында акыркы беш жылда социалдык тармак бир кыйла өзгөргөнүн айтты. Бул тууралуу 30-сентябрда өкмөттөн билдиришти.