Бишкекте Эл аралык карылар майрамы салтанаттуу концерт жана спорттук оюндар менен уланууда (фото)

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектеги Киев менен Чүй көчөлөрүнүн ортосундагы Эркиндик бульварынын кесилишинде Эл аралык карылар күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу көргөзмө-жарманке концерт жана улгайгандар арасында шахмат боюнча сынак менен уланууда. Иш-чарага премьер-министр Темир Сариев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев күбө болду. Алар салтанат ээлерин майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук каалап өтүштү. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү жарманкени кыдырып, карылардын колунан бир нече миңге соода кылып, шахмат боюнча мелдештин байгеси үчүн 10 миң сом беришти. 
Майрамда жаш жигиттер улгайган апаларды жай бийге чакырышты. Ал эми мындай толкундануудан кокус жардам керек болсо деп "Тез жардам" кызматы көзөмөлдөп, каалоочулардын кан басымы жана кант көрсөткүчтөрү текшерилип жатат. Эртеден бери иш-чарага катышып жаткан карыяларга бекер тамак-аштар да берилди.     
Темир Сариев карыялардын капчыгын кампайтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан