5-октябрь - Ош шаарынын күнү салтанаттуу белгиленип келет. Бул күнгө карата жаштардын демилгеси менен бир катар иш-чаралар уюштурулуп жатат. Ош мамлекеттик университетинин Жаштар комитети университеттин жалпы студенттери менен биргеликте “Тазалык - ыймандын башаты” деген ураандын астында шаарды тазалоо иш-чарасын өткөрүштү.
Окуу жайдан кабарлашкандай, ишембиликтин алкагында эки күн аралыгында Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Навои атындагы эс алуу багы жана Сулайман-Тоонун айланасы тазаланып, таштандылардан арылды.
Кошумчалай кетсек, 4-октябрда өлкө аймагында орун алчу парламенттик шайлоого байланыштуу Шаар күнүн салтанаттуу белгилөө 5-октябрдан 29-октябрга жылдырылган.