Ош шаарында карыяларга кам көрүүгө багытталган бир айлыктын алкагында бүгүн, 1-октябрда Эл аралык карылар күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев "Боорукердик" жатак-үйүндө жашаган улгайган адамдардан, 110 жаштагы Сайнек Кулназарова, 113 жаштагы Ибахан Тешабаевадан кабар алып, аларга акчалай сыйлыктарды жана башка белектерди тартуу кылды.
"Бүгүнкү күндө шаарыбызда жаш курагы 100дөн ашкан 8 карыя жашайт. Бардык шаардык мекемелерде Эл аралык карылар күнү белгиленип жатат. Жергиликтүү бюджеттен 153 миң сом каралган. Шаардык социалдык коргоо башкармалыгы Ачык эшиктер күнүн өткөрүүдө",- деди мэр.