Борбордук шайлоо комиссиясы 1-октябрдагы жыйынында "Ата Мекен" партиясына эскертүү берүү маселесин карады. Комиссиянын мүчөсү Нурмамат Ашимовдун билдиришинче, аталган партиянын үгүт жүргүзүү эрежелерин бузушу боюнча арыздар көбөйдү. КТРКдан берилген партиянын видеотүрмөгү эскертүү берүүгө жол ачканы айтылды.
"Бул партия үгүт материалынын көчүрмөсүн БШКга бербей туруп КТРКнын эфиринен видеоролик көрсөтүштү. Анда "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" саясий партиясынын лидеринин шайлоочулар менен жолугушууда айткан сөзүнөн үзүндү берилди. Видеороликтин автору партия лидери Адахан Мадумаров Апрель окуяларында каза болгондорго куран түшүрбөгөнү тууралуу комментарий берүүдө. Иш жүзүндө бул маалымат чындыкка туура келбейт. Демек, комментатор партия лидери менен окуяда каза болгондордун жакындарынын ортосунда пикир келишпестик түзүүдө",- дейт Ашимов.
БШКнын мүчөсү Канатбек Азиз "Ата Мекендин" видеоролигин кара пиар деп атоо туура эместигин белгилеп, шайлоо алдындагы үгүт кампаниясына тийиштүү материал эфирден мындан ары да көрсөтүлүшү керектигин айтты. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдураимов мындай пикирге кошулбастыгын, комментатордун туура эмес маалымат бериши кара пиар экенин билдирди.
Жыйынтыгында БШК тийиштүү токтомдун долбоорун кабыл алып, аталган видеону көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө КТРКга кат жиберүү чечимин кабыл алды.