Бүгүн, 1-октябрда өлкөдөгү бала бакчалардын, баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери алгачкы ирет жогорулатылган маяна алышканын өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, буга чейин айылдардагы мугалимдердин кошумча төлөмдөрү өзгөрүүсүз болуп келгендиктен улам алардын маяналары кескин жогорулатылмакчы. Ошондой эле бийик тоолуу райондордогу мугалимдердин маяналары да көтөрүлөт. Мисалы, бийик тоолуу райондогу 23 сааттык жүгү бар мугалим буга чейин 11 миң сом алса, эми 22 636 сом алат. Ал эми Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы 40 сааттык убактысы менен иштеген бала бакча кызматкери 7800 сом алса, эми ушул айдан баштап 14 140 сом алат.
Өкмөт башчы Темир Сариев буга чейин жаңы окуу жылынын алгачкы айынан баштап мугалимдердин айлык маянасы 50 пайызга көтөрүлө турганын билдирген.
Айлык акы жогорулатылган соң, мектеп программасынын сааттарын кыскартуу пландыштырылбайт.