Өлкө боюнча SIM-карталарды каттоо мөөнөтү 2016-жылдын 1-февралына жылдырылды

SIM-карталарын каттоодон өткөрбөгөн абоненттер август айында өчүрүлмөк. Байланыш операторлору көрсөтүлгөн убакытка чейин колдонуучуларын 100 пайызга каттоодон өткөрө алышпагандыктан, каттоо мөөнөтү 1-октябрга жылдырылган эле. Ушул күнгө карата 1 082 601 абонент SIM-картасын каттоодон өткөрбөгөндүктөн, каттоо мөөнөтү кайрадан жылдырылып, 2016-жылдын 1-февралына чейин деп белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Mongol1155
2015-10-01 18:55:44
Улам эле жылдырып жатышат,бироонун кызыкчылыгы бар го дейм.
-1
boyka.kg
2015-10-01 18:56:53
качан Кыргызстан созундо турат 8 марттан 8 авгуска жылдырды еле енди 1 февраль?
0
kanat.ozgorush
2015-10-01 19:09:44
Эл очуро албайт деп жатат да
0
Gulya21
2015-10-01 19:17:59
Белгиленген моонотко чейин каттатышпаса мооноту келдиби сразу очуруп сала бериш керек эле моонотун дагын узартып отурбай
+1
Talgat87
2015-10-01 19:23:27
Андан кийин 1 апрель...
+1
ediko85
2015-10-01 19:24:42
Каттабайле койшулачы кыйнала бербей
0
Zarlyk.322
2015-10-01 19:34:10
сим карта керек эместер каттоодон откорбой жатышатда.очуруп ташташ керек болчу,компаниялар абоненттерин жоготуштан коркуп атышатго.
+1
Aikyn93
2015-10-01 19:48:16
жылдырып аткандарына 1 жыл болду качан токтотот
0
dastan_nookat
2015-10-01 20:18:06
Так мен айткандай болду 2016 жылга жылдырып койушат дегем эх жылып эле кетип жатат 2017 ге кетип калбаса болду
0
bolotbai
2015-10-01 20:20:40
Катталбаган SIM карталарды эч качан очуро албайт,эмне учун дегенде миллиондогон акча тушбой калат очуруп койсо.Ошондуктан бул жерде ачык айкын эле коррупция болуп жатат.
+5
sterva
2015-10-01 23:06:12
bolotbai, мен да ушуну жазайн дегенлем.Конечно,миллиондогон акчадан куру калышат.Мисалга,менинле уч номерим каттала элек))
0
naryn94
2015-10-01 22:38:43
омур бою жылдырышат 1 номер катталбай калса да жылдырышат. Очуруп салышпайбы каттаганда куйгузуп беришмек.
0
nura.177
2015-10-02 00:33:39
Ой булар азыр очуруп койсо, шайлоо алдында канча иштер бутпой калат.
0
Azura
2015-10-02 08:52:50
мдааа
0
Mars55
2015-10-02 22:12:35
бир кундо бир адам 1сомдон коротсо да канча акча ошодон коркот.Бизде мыйзам алсыз иштей албайт.
0
orhidea
2015-10-05 19:35:12
биринчи очурот дегенде эле жанталашып барып каттаттым элем. Эстесем кулкум келет. Очуруп салышса кайра сатып алышмак да.Эмне анча коркушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан