2015-жылдын 30-сентябрында Кадамжай аймактык ооруканасына 2 адам сибирь жарасына күмөндөлүп жаткырылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 2-октябрда билдирди.
Ооруканага Халмион айылынын Чекелик аймагынын тургуну, 1976-жылы туулган Камалжан Чоёнов жана Айдаркен шаарынын тургуну, 1958-жылы туулган Ашырбай Колдошов жеткирилген.
2015-жылдын 1-октябрында Кадамжай райондук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан анализге үлгү алынып, Ош шаарындагы Түштүк аймактык чума оорусуна каршы бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Анализдин жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет.