Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Сотто "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу маселеси каралат. Бул тууралуу саясий уюмдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 14:00дө башталмакчы. Анда Ташиевдин тарапташтары Борбордук шайлоо комиссиясынын аны депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин жокко чыгарууну суранышат.
Айта кетсек, 30-сентябрда Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиевди тизмеден чыгарууну мыйзамдуу деп тапкан.