Өлкөдө алгачкы 9 айда 30 730 адам жумуш менен камсыз болгон

Өлкөдө алгачкы 9 айда 30 730 адам жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Республикалык улуттук китепканада өтүп жаткан бош орундар жарманкесинде Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусупбеков билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча былтыр 20 миң кишинин 15 миңи жумушка орноштурулду. 
"Быйыл Бишкек шаары боюнча 9 миң адам жумушка орношту. Жумушка муктаждардын жашы орто эсеп менен 35те. Ал эми 14 жаштан 28 жашка чейинкилер 30 пайыз, аялдар 65 пайыз, 28 жаштан 60 жашка чейинкилер дээрлик көпчүлүгүн түзүп, 60 пайыз болот. Ошондой эле пенсияга чыгып, бирок иштегиси келгендер 10 пайызга жакын. Аларды мамлекеттин эсебинен компьютердик, бухгалтердик жана башка окууларга жиберип, стипендия төлөп беребиз. Биздин бош орундардын 70 пайызы тейлөө тармагына, ал эми 30 пайызы интеллектуалдык тармактарга байланыштуу",- деди Жусупбеков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан