Элчи Кылычбек Султанов Малайзиянын транспорт министри менен өлкөлөр ортосунда түз авиакаттам ачууну сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов 30-сентябрда Малайзиянын транспорт министри Лиоу Тионг Лай менен жолугушту. 
Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, жолугушуунун башкы максаты - министрликтин жетекчилиги менен таанышуу, транспорт жана авиабайланыш тармагында кызматташтык түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачуу. 
Жолугушууда тараптар Бишкек - Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу жана Куала-Лумпурдан Европа өлкөлөрүнө Бишкек шаары аркылуу авиабайланыш түзүү боюнча кыргыз тараптын сунушун талкуулашты. Сүйлөшүү жыйынтыгында малайзиялык тарап аталган сунушту тийиштүү комитетте карап, Малайзиянын алдынкы авиакомпаниялары менен талкуулоого даяр экенин билдирди. 
Эскерте кетсек, элчи Кылычбек Султанов жакында Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсупов менен жолугушуп, анда туризм жаатында эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшү үчүн эки өлкө ортосунда түз аба байланышы тууралуу маселенин чечилиши боюнча Малайзиянын тийиштүү министрлиги менен жолугушууга аракет кыларын билдирген эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан