Шайлоодо свет өчүп калса, шайлоо процессине керектүү жабдуулар өчүп калбай 30-40 мүнөт иштей алат. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда журналисттер менен жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, 4-октябрь күнү шайлоого байланыштуу бардык аймактык шайлоо участкалары ар кандай техникалык мүчүлүштүктөргө даяр болот.
"Шайлоо участкаларынын баары электр энергиясы өчүп калуучу кырдаалга даяр болот. Биринчиден, техникалар атайын жабдыктарга туташтырылып, жарым сааттан ашык мөөнөт иштей алат. Экинчиден, ар бир аймактык шайлоо участкаларына генераторлор коюлат. Жабдуулар 100 пайыз иштеп берет делгени менен, резервге да кошумча техника алып койдук, анткени 3 миллион адам катышкан иш-чара өтөт, ар кандай учурлар болушу мүмкүн",- деди Сарпашев.