“Бир бол” саясий партиясы “Биримдик жүрүшү” менен Кыргызстандын дээрлик бардык шаар-айылдарын кыдырып чыкты. Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, “Бир бол” партиясынын лидерлери Өзгөн, Ош, Кадамжай, Баткен, Нарын, Каракол, Талас, Токтогул, Ала-Бука, Кербен, Жалал-Абад, Кегети, Кара-Балта, Балыкчы, Исфана, Кызыл-Кыя, Араван, Ноокат, Мады, Дароот-Коргон, Гүлчө, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Кочкор-Ата, Базар-Коргон, Григорьевка, Садовое, Манас, Кайыңды, Куршаб, Жапалак, Кара-Жыгач, Кочкор жана башка жерлерде болушту. Жолугушуулардын өзгөчөлүгү катары кайсы жер болбосун, калың эл партияны чыныгы меймандостук маанайда, нан, май менен тосуп, ар бир талапкерди жапа тырмак колдоп, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турганы айтылды.
"Карапайым элге партиянын биримдик тууралуу идеясы жакын экени байкалып турду. Шайлоочулар “Бир болдун” “Илбирс секириги” экономикалык программасы жакканын, дегеле партияны колдошорун билдиришти. Кыргызстанды кайра жаралуу жолуна алып чыгууга убакыт келип жетти. Территориялык бүтүндүк жана суверенитет баалуулуктары, улуттун кызыкчылыктарын, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана колдоо эң биринчи планда болууга тийиш.
"Бир бол" партиясынын программасын ишке ашырууда 2020-жылга карата Кыргызстандын экономикасында жана социалдык тармагында реалдуу өсүш болуп, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана укук коргоо системдери кайра уюштурулат. Көптөн бери толуп-жетилген мамлекеттик башкарууда реформа жүргүзүлөт.
"Бир бол" партиясы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн конкреттүү аракеттерди ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликти алууга даяр!"- деп айтылат маалыматта.