Шайлоочулар менен бюллетендердин саны дал келбеген участкада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгат

"Шайлоодо идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны менен бюллетендердин саны дал келбеген участкада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылат",- деди биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев 2-октябрда журналисттер менен жолугушууда. Анын айтымында, кандайдыр бир ыкма менен ашыкча бюллетенди урнага таштайм деген адам баары бир максатына жетпейт.
"Мисалы, идентификациядан 500 адам өтүп, автоматтык шайлоо урнасында 520 бюллетень болуп калса, бул участкадагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылат. Президент мындай участкаларда кайра шайлоо өткөрүүгө даяр экенин айткан",- деди Сарпашев.
Шайлоонун адилеттүү өтүшү үчүн автоматтык урнадан чыкан чектер ар бир саат сайын алмаштырылып турары айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан