Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өттү.
Отурумдун жүрүшүндө Д.Нарымбаевдин жардамчысы Азамат Надыралиевге сөз берилди. Ал Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева менен Нарымбаевдин жолугушуусу тууралуу кошумча маалыматтарды билдирди. "Жолугушуу Данияр Ильичтин макулдугу менен 7-майга саат 16:00гө белгиленген болчу. Мен Нарымбаевдин суранычы менен ага катышкам. Алардын жолугушуусу 15-20 мүнөткө созулган. Түлеева анын атасынын мүлкүн конфискациялоо боюнча иш Жогорку Сотко жөнөтүлгөнүн айткан. Андан соң Түлеева конфискацияланган мүлк анын үй-бүлөсүнө гана эмес, анын туугандарына да таандык экенин баса белгилеген. Нарымбаев баары мыйзам чегинде болушу керек экенин айткан",- деди Нарымбаевдин жардамчысы.
Кийинки соттук отурум 5-октябрга белгиленди.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Андан кийин 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” , ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.