Бүгүн, 2-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага билим берүү министри Эльвира Сариева, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө “Балдарга жүрөгүмдү арнайм” аттуу сынактын жыйынтыктары аталып, “Мыкты мугалим”, “Мыкты жаш мугалим”, “Эң сонун класс жетекчи” жана “Мыкты тарбиячы” номинациялары боюнча бир катар мектептердин директорлору жана мугалимдери баалуу белектерге ээ болушту. Майрамдык кече концерттик программа менен аяктады.