Кубанычбек Кулматов: “Шаар мэриясы билим берүү тармагына жылына 2,5 миллиард сом жумшайт”

“Бүгүнкү күндө шаар мэриясы билим берүү тармагына жылына 2,5 миллиард сом жумшайт”. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Кыргыз улуттук филармониясында Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу кеченин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бул сумма мэриянын жалпы чыгымдарынын 32 пайызын түзөт.

Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагынын кызматкерлери, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мугалимдин жумушу оор жана өтө жоопкерчиликтүү. Сиздер биздин келечегибиз болгон жаштарды даярдап, аларга татыктуу билим берип, келечекке салым кошуп жатасыздар. Өсүп келе жаткан муунга татыктуу тарбия берүүдө сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис. Өлкөнүн келечеги мугалимдердин ишинен көз каранды.

Бишкек мэриясы мугалимдердин социалдык абалын жана шартын жакшыртууга болгон күч-аракетин жумшоодо, бирок ошол эле учурда бизде кемчиликтер да жок эмес. Аларды чечүүдө биз жапа тырмак иштейбиз деп убада беришибиз керек. Биз каржы жана уюштуруучулук жактан жардамыбызды бергенге даярбыз”,- деди Кулматов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kukunana
2015-10-02 19:53:47
Койчай, эгер чын болсо. Бардык мектептерде акылдуу такталар(интерактивная доска) болуп, китептер жаңыланып жыргап эле жатып калбайт белек
+4
Mamanov777
2015-10-03 00:29:54
Аман эле болсунчу ушул киши! 2,5 млрд эмес, 5 млрд деп айтса деле ишене беребиз да, же жанында отуруп эсептешпегенден кийин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан