Мамлекет башчы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 3-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

“Ардактуу мугалимдер! Урматтуу окутуучулар жана билим берүү кызматкерлери! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мугалим – балдарыбыздын жөндөмүн ойготуп, чоң турмушка карай кеткен жолду жарык кылган шам чырак. Сиздер балдарга билимдин ажайып дүйнөсүн ачып, жакшы менен жаманды ажырата билүүгө үйрөтөсүздөр.

Мектептерде, колледждерде, техникумдарда жана жогорку окуу жайларында эмгектенген биздин ардактуу мугалимдерибизге, жаш педагогдорго терең ыраазычылык билдиргим келет! Балдарды мээримге бөлөп, мугалимдик түйшүктүү кесипти сүйүп, жеткинчектердин жан дүйнөсүнө жакшылыктын үрөнүн сээп жатканыңыздар үчүн ыракмат!  Өмүрүнүн күлгүн курагын эл агартууга арнаган ардагерлерге да таазим кылам!

Арышы арбын заманда биз мезгил менен тең адымдашыбыз керек. Азыр өлкөбүздүн жаңы жаранын – билимдүү, жан дүйнөсү бай, дени сак, бир нече тилде эркин сүйлөгөн, демилгелүү жана ийгиликтүү муунду тарбиялоо – мамлекеттин эң башкы милдети.

Мына ушул асыл максатка жетүү үчүн мамлекет республикалык бюджеттин төрттөн бирин билим берүүгө жумшап жатат. Заманбап жаңы мектептерди куруп, материалдык-техникалык базасын жакшыртып жатабыз. Үстүбүздөгү жылы билим берүү системинин кызматкерлеринин айлык акысы дагы көтөрүлдү. Мугалимдин коомдогу кадыр-баркы, аброю өсүүдө.

Биз билим берүү системин биринчи кезекте балдардын жөндөмүн, талантын ачып бергидей кылып түзүүгө тийишпиз. Балдарды өз алдынча ой жүгүртүүгө, чечим кабыл алууга жана жоопкерчиликтүү болууга тарбиялашыбыз керек. Билимдүү, акылдуу балдарыбыз канчалык көп болсо, мамлекетибиз ошончолук күчтүү жана бакубат болот. Билим берүү тармагынын, мектептердин алдына коюлган олуттуу милдеттерди сиздер толугу менен аткарасыздар деп терең ишенем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан