
Кыргыз мамлекетинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси башталды. 4-октябрь, саат 08:00гө карата республикадагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, жарандар жаңы эреже: биометрикалык каттоо боюнча добуш берүүгө киришти. Бүгүн республикада 2374, чет өлкөдө 36 шайлоо участкасы иштейт.
Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматын тапшырган 2 миллион 757 826 жаран шайлоо укугуна ээ болгон. Шайлоого 14 саясий партиядан 2 миңдей талапкер ат салышууда. Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылып, добуш берүү токтотулат. Автоматташтырылган урналардагы бюллетендерди электрондук эсептөө менен бир сааттын ичинде шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары чыгып калары айтылууда. Добуштар кол менен да саналып чыгат. Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 24-октябрга чейин чыгарылат.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берип турабыз.