20:00. Талас облусундагы шайлоо участкалары жабылды.
19:29. Кара-Буура районундагы Сулуу-Маймак айылында шайлоо учурунда компьютер иштебей калды. Кээ бир жарандардын биометрикалык маалыматтары чыкпай, добуш бере албай кайтып жатышат.
18:59. Талас шаарында добуш берүү уланууда. Шайлоочулардын саны азая баштады.
17:59. Кара-Буура районундагы Чоң-Бейшеке айылында тизмеден өздөрүн таппай калгандар болууда.
17:09. Талас шаары боюнча шайлоочулардын 40 пайызы добуш берди. Айрым шайлоочулар тизмеден чыкпай калып жатат. Техникалык жактан Мамлекеттик каттоо кызматынын операторлору тарабынан бир аз катачылыктар кетип, урналардан чектер чыкпай жатат. Мыйзам бузуулар каттала элек. Жалпысынан шайлоо тынч өтүүдө. Бул тууралуу БШКнын аталган шаардагы өкүлү Нургүл Кыдыралиева билдирди.
09:29. Талас шаарында парламенттик шайлоо мыйзам чегинде өтүүдө. Добуш берүүгө келгендердин саны көп. Бул тууралуу БШКнын аталган шаардагы өкүлү Канайым Сайдалиева билдирди.
Бүгүн саат 08:00дө Талас облусундагы бардык шайлоо участкалары эшигин ачты, азыркы тапта шайлоо процесси кызуу жүрүүдө.